Өндүрүшчүлөр сапаттуу продукциясы үчүн сыйланышты

8 июля 2022, 11:10

Экономика министрлиги өндүрүшчүлөргө сапат сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлык 1997-жылы негизделген жана продукциянын (кызмат көрсөтүү) сапатын, коопсуздугун камсыз кылууда, продукцияны өндүрүү (кызмат көрсөтүүнүн) шарттарын сактоодо, ошондой эле керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандырууда, жогорку сапаттарды киргизүүдө олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, натыйжалуу системалары жана сапатты башкаруу ыкмалары үчүн ыйгарылат.

Сыйлыктарды министрликтин (Кыргызстандарт) Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Болот Нурматов тапшырды.

Сыйлыктын лауреаттары:

  • эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча – “Адал Азык” ЖЧКсы, Чүй облусу;
  • үрөнчүлүк чөйрөсүндө – “ЭлДан Аталык” агроөнөр жай комплекси” ЖЧКсы, Чүй облусу;
  • асыл тукум мал чарбасы боюнча – “Чабрец” дыйкан чарбасы, Чүй району;
  • өндүрүшкө жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жаатында – Батыралы Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинин алдындагы “Табигый таш” илимий борбору, Ош облусу.

Сапат сыйлыктарынын диплому төмөнкүлөргө ыйгарылды:

үрөнчүлүк чөйрөсүндө:

  • “Заря” айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи, Ысык-Көл облусу;
  • “Элдияр” үрөнчүлүк чарбасы, Ысык-Көл облусу;
  • Үрөнчүлүк картошка өндүрүүчүлөрдүн Ноокат айыл чарба кооперативи, Ош областы;

асыл тукум мал чарбасы боюнча:

  • “Рейна-Кенч” дыйкан чарбасы, Ысык-Көл району;
  • “Алтын-жүн” асыл тукум мал чарбасы, Талас району;
  • “Бермет дыйкан чарбасы” жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй областы,

өндүрүшкө жаңы инновациялык технологияларды киргизүү жаатында:

  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору" мекемеси, Бишкек шаары;
  • Улуттук илимдер академиясынын “Илимий изилдөө институту” Ботаникалык бак А.И. Э.Гареев”, Бишкек ш.