Данияр Иманалиев кызматтан кетти

25 октября 2021, 13:59

Бүгүн Экономика министрлигинде министрдин жаңы биринчи орун басары Сейилбек Урустемов жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Аны кызматка дайындоо тууралуу буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Сейилбек Урустемов дайындалганга чейин Макроэкономикалык саясат департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Маалым болгондой, буга чейин бул кызматты аркалап келген Данияр Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан кеткен.