Экономикалык коммерция министрлигинде министрдин жаңы орун басары Канат Абдрахманов тааныштырылды

27 декабря 2021, 13:32

Бүгүн, 27-декабрда аппараттык жыйында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өзүнүн жаңы орун басары Канат Абдрахмановду тааныштырды.
 

Тиешелүү буйрукка 17-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министр белгилегендей, эмгек жамааттын көпчүлүк бөлүгү Канат Абдрахмановду мурдагы жумушунан улам таанышат. Ал чоң тажрыйбага жана абройго ээ. Буга чейин Экономика министрлигинин соода жана инвестициялык саясат башкармалыгынын башчысы, Инвестиция министрлигинде кеңешчи кызматта иштеген.

Өз кезегинде Абдрахманов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жоопкерчиликтин деңгээлин толук түшүнөөрүн жана мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашыруу боюнча министрликке жүктөлгөн эң маанилүү милдеттерди мындан ары да аткарууга даяр экенин белгиледи.