Экономика министринин жаңы орун басарлары дайындалды

3 марта 2022, 09:56

Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарлары Айнура Үсенбекова менен Искендер Асылкулов тааныштырылды.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Айнура Үсөнбекова буга чейин көптөгөн мамлекеттик органдарда иштеген, Экономика министрлигинде лицензиялык-уруксат берүү ишмердүүлүгүн жөнгө салуу бөлүмүнүн жана ЖТБнын, ишкерликти жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Искендер Асылкулов дагы көп жылдар бою Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ар кандай түзүмдөрүндө иштеген.