Айыл чарба министрлигинде 472 млн сомго мыйзам бузуу аныкталды

19 февраля 2024, 10:38

Кыргызстандын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2024-жылдын 16-февралындагы жыйынында 2021-2022-жылдарга карата Айыл чарба министрлигинин аудитинин жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 472 млн 357,2 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Каржылык мыйзам бузуулардын катарына 60 млн 147,1 миң сом каражаттын максатсыз пайдаланылышы, ошондой эле бюджеттин жана Соцфонддун кирешесинин 943,8 миң сому жана 760 миң сому жоголгон. Мындан тышкары, бюджетке төлөмдөрдүн аткарылышына көзөмөлдүн жетишсиздиги аныкталып, бул 76 млн сом өлчөмүндө чыгымга, 289 млн 485,6 миң сомдук каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга алып келген. Бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту бузуулар 45 миң сомду түзгөн. 

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2022–2023-жылдарга айыл чарба үрөндөрүн жана жер семирткичтерин сатуу жана бөлүштүрүү боюнча жүргүзүлгөн контрревизиянын жүрүшүндө бюджеттик каражаттардын 214 млн 397,9 миң сому өлчөмүндө жоготуулары аныкталган. Бул материалдар юридикалык баа берүү үчүн Кыргызстандын Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.