Транспорт министрлигинде азыр 960 млн долларлык 14 инвестициялык долбоор бар

24 августа 2022, 12:53

Бүгүнкү күндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жалпы суммасы 960 млн долларга жакын 14 инвестициялык долбоор бар. Бул тууралуу аталган мекеменин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтымында, бул каражатка түндүк-түштүк жолу курулуп, Жалал-Абад — Маданият жана Бишкек — Кара-Балта жолдору реконструкцияланууда.

Ал белгилегендей, инвестициялык долбоорлордун алкагында быйыл 160 чакырым жол оңдолот.