«Бишкекжарык» ишканасында 74 млн сомдук мүлктүн жетишсиздиги аныкталды

11 ноября 2022, 15:55

Бишкек шаарынын прокуратурасы “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасында жалпы суммасы 74 миллион 28 миң сомдук мүлк-шаймандардын жетишсиздигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын атка минерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын мүлктүк-материалдык баалуулуктарын өз убагында каттап, камсыздабаганы айтылат. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын прокуратурасы “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренелери боюнча эки кылмыш ишин козгоду.