ИИМ күзөт кызматынын айлыгы качан көтөрүлөрүн билдирди

14 ноября 2022, 16:41

Ички иштер министрлигине караштуу күзөт тармагындагы кызматкерлердин маянасы келишимдер кайра түзүлгөндөн кийин көтөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

“Учурда ИИМдин күзөт бөлүмдөрү келишимдерди кайра түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Иш-чаралар аяктагандан кийин 1-октябрдан тарта кызматкерлердин айлык акысы кайрадан эсептелип, төлөнүп берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү мекеменин маалыматына ылайык, ИИМдин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн айырмаланып, күзөт бөлүмдөрүн каржылоо бюджеттен бөлүнбөйт.