Салык кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду

15 июня 2021, 17:10

Алтынбек Абдувапов Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мариповдун дагы бир буйругуна ылайык, Замирбек Мамытов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Ал Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча салык бөлүмүн жетектейт.