Нарын облусунда 690 миң долларга мектеп курулду

6 июля 2021, 10:00

Нарын облусунун Кочкор районундагы Бугучу айылында жаңы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп 150 окуучуга эсептелген, анда 300 окуучуга чейин билим берилет.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталып, болжолдуу баасы 690 миң долларды түзгөн.