Нарында 690 миң долларга мектеп салынууда

13 мая 2021, 11:00

Нарын облусунун Кочкор районундагы Бугучу айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

Анын алкагында, мамлекеттик курулуш комитетинин турак жай-жарандык курулуш департаментинин алдындагы "Мамлекеттик мектептердин курулушу" долбоорунун координациялык тобунун башкы инженери Токон Сатышев мектепти текшерүүгө барып, төмөнкүлөрдү токтолгону маалым болду. 

Учурда объектинин даярдыгы 99% ды түзөт. Подрядчик бардык курулуш-монтаждоо иштерин аяктады. Эмеректерди жана ашкана жабдыктарын орнотуу, ошондой эле жерди жашылдандыруу боюнча эксплуатациялоо иштери жүрүп жатат. Объектти эксплуатацияга берүү 2021-жылдын май айынын аягына чейин пландаштырылууда.”

Мектептин болжолдуу баасы 690 миң долларды түзсө, анын 71,49% Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен каржыланган.