УБ мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөрдү киргизүүнү талкуулады

23 декабря 2022, 09:27

Улуттук банкта төлөм системасы боюнча Банктар аралык кеңештин кезексиз жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө QR-кодду колдонуу менен төлөмдү киргизүү жана өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, төлөм терминалдарын жана QR-кодду колдонуу менен кабыл алуу маселелери ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программанын иш-чаралары талкууланды.