Кыргызстандын айрым аймактарында жылытуу мезгили аяктады

18 марта 2024, 14:00

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында жылытуу мезгили акырындык менен аяктап жатат. Бул тууралуу “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык, 15-17-18 март күндɵрү тɵмɵнкү филиалдарда жылуулук берүү токтотулду:

  • “Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын 6 отканасы токтоду,калган 3 откана иштеп жатат;
  • “Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын бардык отканалары токтоду;
  • “Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын бардык отканалары токтоду;
  • “Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалынын бардык отканалары токтоду;

Эскерте кетсек, эгерде 5 күн катары менен термометр боюнча орточо суткалык температураны +8 градустан жогору кɵрсɵтсɵ, жылуулук беруу токтотулат.

Филиалдар алдыдагы 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштайт.