Ноябрда парламент аппаратын каржылоого бюджеттен 66,5 млн сом каралды

17 ноября 2022, 12:01

Ноябрь айында Жогорку Кеңештин аппаратын каржылоого бюджеттен 66 млн 493,3 миң сом каралды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Октябрь айында бюджеттен 58 миллион 527 миң сом пландалган. Кийинчерээк дагы 10 миллион 436,7 миң сом кошумча бөлүнгөн. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин октябрь айында жалпы пландалган чыгашасы 68 миллион 953,7 миң сомго бааланган. Ага ылайык, сентябрга салыштырмалуу парламенттин чыгымдары 3,6%га кыскарган.

Кошумчалай кетсек, ноябрь айында Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондуна 2,5 миллион сом түшмөкчү.