Ноябрь айында бюджеттен шайлоого 130,5 млн сом каралган

30 ноября 2021, 16:11

Ноябрь айында Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 130,5 миллион сом бөлүнгөн. Мындай маалыматтар Кыргызстандын Каржы министрлигинин кассалык планында келтирилген.

Белгилей кетсек, октябрь айында БШК шайлоого 200 миллион сом бөлгөн.

Алсак, Каржы министрлигинин кассалык пландары боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо өткөрүүгө казынадан 330,5 миллион сом бөлүнүшү керек болчу.