Бул айда мамлекеттик карызды төлөөгө 1 млрд 760 млн сом бөлүнөт

17 ноября 2022, 16:14

Ноябрь айында мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 1 миллиард 764 миллион 18,1 миң сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Каржы министрлиги октябрь айында мамлекеттик карызды тейлөөгө 4 миллиард 9 миллион 314,2 миң сом бөлгөн. 

Кошумчалай кетсек, 30-сентябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 5 миллиард 217 миллион 880 миң доллар же 418 миллиард 384 миллион 370 миң сомго бааланган. Алардын көбү, же 79,8%ы тышкы карызды (4 млрд 162,6 млн доллар), ал эми 20,2%ы ички карызды (1 млрд 55,28 млн доллар) түзөт.