Ноябрда комбанктардын чет элдик валютага суроо-талаптары 1,37 эсеге өскөн
Ноябрь айында банктар аралык 19 валюта соодасы өткөрүлдү. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти.
Жалпысынан аукциондо коммерциялык банктар 216 миллион 420 миң доллар сатып алышты. Америка валютасынын орточо сатып алуу курсу 1 доллар 84,79 сом деңгээлин түздү.
Кошумчалай кетсек, октябрь айындагы аукциондон коммерциялык банктар 157 миллион 160 миң доллар сатып алышкан. Ошентип, ноябрь айында валютага суроо-талап 1,37 эсеге өстү.