Ноябрь айында жаратылыш газынын баасы көтөрүлдү

4 ноября 2022, 12:00

Ноябрь айында калк жана өнөр жай ишканалары үчүн жаратылыш газынын тарифтери көтөрүлдү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы “Акчабарга” билдирди. 

Быйыл ноябрь айына карата калк үчүн 1 куб метр газдын баасы 18,11 сом, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн 22,06 сомду түздү.

Октябрь айына салыштырганда тарифтер үй-бүлө үчүн 3,13 %га, өнөр жай ишканалары үчүн 2,9 %га жогорулаган.