Ноябрда Кыргызстанда керектөө баасы 9,7%га өстү

11 декабря 2021, 10:02

Быйылкы жылдын ноябрь айында декабрга салыштырмалуу инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 109,7% түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 11%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге - 10,8%га, азык-түлүк эмес товарларга - 10%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 5,1%га жогорулаган.