Жеңилдетилген ипотека алуу үчүн кезекте 6,5 миңден ашуун киши турат

17 июня 2021, 14:00

Кыргызстандын мамлекеттик ипотекалык компаниясынын онлайн порталына 10 миңден ашуун арыз берүүчү катталды. Алардын ичинен 6,5 миң адамга жеңилдетилген ипотека насыяларын берүү жактырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Аида Төлөгөнова билдирди.

Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кезеги жылбай жатат. Бул боюнча 3,5 жыл мурун эле ипотека кезегине турган жарандар парламентарийлерге кайрылышууда.

Мекеме жаңы ипотекалык насыялар өкмөттүн жаңы жеңилдетилген программасын бекиткенден кийин башталаарын белгиледи.