Октябрь айында ЕАЭБде жумушсуздук 19,6%га кыскарды
ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны ушул жылдын октябрынын соңунда 939 миң адамды түздү. Бул сан өткөн 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6%га азайган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтына жарыяланды.
Маалыматта жумушсуздардын саны жумушчу күчүнүн 1%ын түзөрү көрсөтүлөт. Былтыр бул көрсөткүч 1,4%ды түзгөн.
Быйыл 2022-жылдын октябрынын акырына карата ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны:
- Орусияда - 568,4 миң адам (жумушчу күчүнө 0,8);
- Казакстанда - 238,2 миң адам (жумушчу күчүнө 2,6);
- Кыргызстанда — 76 миң адам (жумушчу күчүнө 2,8);
- Арменияда — 50,5 миң адам (жумушчу күчүнө 3,8);
- Белоруссияда - 5,9 миң адамды (жумушчу күчүнө 0,1) түзгөн.