Октябрь айында Кыргызстанга акча которуулар 14,6%га кыскарды
Октябрь айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 252,3 млн доллар которгон, бул мурунку айда өлкөгө которулган 295,5 млн долларга караганда 14,6 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Ошол эле учурда 2020-жылдын октябрына салыштырмалуу акча которуулар 226,2 млн доллардан 11,5 пайызга өскөн.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын он айдын ичинде кыргызстандыктар мекенине 2 млрд 284,6 млн доллар которгон.