Октябрда жеке адамдар өлкөгө 286,9 млн доллар которду

14 декабря 2022, 11:50

Октябрь айында Кыргызстанга жеке жактардан акча которуу системасы аркылуу 286,9 миллион доллар түшкөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Бул сан ушул жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 1,7% төмөндөсө, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,71% өскөн.

Октябрда Орусиядан которулган акчалар 1,9%га азайган. Орусиядан сентябрда 278,1 млн доллар келсе, октябрда 272,9 млн доллар келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 2,27%га чейин акча которуу төмөндөгөн. Чет өлкөлөрдөн которулган каржаттар 13,2 млн доллардан 12,9 млн долларга чейин төмөндөгөн. 

Которулган каражатардын 95,1%ы Орусиядан, 6% же 4,5 млн доллар, АКШдан, 0,63% же 1,8 млн долларТүркиядан келген. 

Кошумчалай кетсек, быйыл январь-октябрь айларында Кыргызстанга акча которуу системасы аркылуу 2 миллиард 498,6 миллион доллар түштү. Ага ылайык, 2021-жылдын ушул эле мезгилине карата өсүш 9,4%ды түздү.