Кыргызстанда уй эти бир айда 0,6% кымбаттады

24 октября 2022, 15:00

Октябрь айынын башынан бери уй эти 0,6% кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алсак, 3-октябрда бир килограмм уй эти 536 сом болсо, 21-октябрда анын баасы 3,27 сомго кымбаттап, 539,27 сомго чыккан. Баанын көтөрүлүшү анын өздүк наркынын Бишкекте килограммы 8,66 сомго, Жалал-Абадда 2,81 сомго кымбаттаганына байланыштуу.

Ошол эле учурда өлкө боюнча жалпысынан кой эти жана жылкы этинин өздүк наркы тиешелүүлүгүнө жараша 0,7% жана 0,05% төмөндөдү.