Октябрь айында кыргызстандыктар 1,4 млрд кВт/саат электр энергиясын керектешкен
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын борбордук диспетчердик кызматынын оперативдүү маалыматы боюнча, 2021-жылдын октябрь айында Кыргызстандын энергетика тутумунда электр энергиясын керектөө 1 миллиард 396 миллион 957 миң кВт саатты түздү.
2020-жылы ушул эле мезгилде керектөө 1 миллиард 286 миллион 78 миң кВт/саатты түзгөн.
Токтогул суу сактагычында суунун топтолушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен аталган ишкана жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда.