Ноябрь айында бюджеттин профицити 1,1 млрд сомду түзөт

13 ноября 2020, 09:01

Ноябрь айында бюджеттин жалпы кирешелери кассалык план боюнча 13 миллиард 253,6 миң сомду түзөт. 

Каржы министрлигинин мааылматына ылайык, ошол эле учурда, республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 12 миллиард 112,3 миллион сомду түзөт. Ошентип, бюджеттин профицити 1 миллиард 141,3 миллион сомду түзгөн болот.

Белгилей кетүүчү нерсе, республикалык бюджеттин ай сайынкы кассалык планы бюджеттик каражаттардын айдын башталышындагы калдыктарын, чыгашаларга ресурстардын келип түшүүсүнүн жана келерки айдагы төлөмдөрдүн көрсөткүчтөрүнүн планын камтыйт.