«Оптима Банкка» жаңы башкармалык курам шайланды

2 ноября 2020, 11:42

«Оптима Банктын» директорлор кенешинин чечимине ылайык, башкаруу мүчөлөрү дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат. 

 

Курамга 5 адам кирген: Бейбут Капышев — башкаруу өкүлү жана анын орун басарлары Рустам Дыйканов, Бакыт Курманбеков, Руслан Турбатов, Евгения Волкова.

Белгиленгендей, алардын ыйгарым укуктары 2023-жылдын октябрь айына чейин улантылат.