Ошко Москвадан 191 кыргызстандык учуп келди

21 августа 2020, 14:50

Бүгүн, 21-августта Кыргызстанга «Сибирь» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 191 кыргызстандык учуп келди, анын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.