Москвадан Ошко 283 кыргызстандык кайтып келди

30 июля 2020, 10:30

Бүгүн Кыргызстанга  Москва-Ош маршруту боюнча «Аэрофлот – Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын борту  келип конду, аны менен өз мекенине 283 кыргызстандык кайтып келди, алардын ичинде жашы жете электер дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жүргүнчүлүк орундардын саны чектелүү болгондугуна жана кайтып келүүнү каалаган жарандардын санынын көптүгүнө байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, элчиликтин кызматкерлери, Орусиянын ИИМ жана ММК өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кирген комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо КР жарандарынын гуманитардык критерийлеринин негизинде берилген билдирүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлгөн. Муну менен, рейске орусиялык жождордо окуган кыргызстандык студенттер, кош бойлуу жана кичине балдары бар айымдар, ошондой эле өз мекенине кайтууга чоң себептери бар жарандар : оор дарттары бар, жакында хирургиялык операциядан өткөн, жакындарын жоготкон жана башка оор жашоо кырдаалдарына учурагандар бар.