Ошто жарандар мыйзамсыз лотерея уюштурушкан

3 марта 2023, 10:27

Ош шаарында УКМКнын кызматкерлери тиешелүү лицензиясы жок уюштурулган "Ош күч" аттуу профессионалдык лотереянын бетин ачты.

Маалым болгондой, мыйзам бузуучуларга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук жөнөтүлүп, бирок алар аны тоготушкан эмес.

Кыргызстандыктар лотереяга катышуу үчүн билеттерди сатып, анын акысын М-Банк тиркемеси аркылуу алышкан, ал эми лотереянын өзү YouTube каналы аркылуу көрсөтүлүп турган.

Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулууга тийиш болгон автоунаалардын документтери, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер табылган.

Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.