Ошто 50 миң сомдук акцизсиз тамеки табылды

9 августа 2021, 14:20

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарындагы кызматкерлери "Бексултан" базарында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө тамеки буюмдарын акциздик маркасыз сатуу фактыларын ачыкташты, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, акциздик маркасы жок 50 миң сомдон ашык суммадагы 1 миң 361 таңгак тамеки табылган. 

Жасалма тамеки буюмдарын, анын ичинде акциздик маркасы жок жана жасалма акциздик маркасы бар тамеки саткан дүкөндөрдүн ээлери жана сатуучулары Кылмыш-жаза кодексине ылайык жазаланат.