Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган үч кишиге айып салынды

20 марта 2024, 14:51

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салды. Бул тууралуу башкы регулятордун маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын үч жараны - С.Т.Ж., И.Ж.О., К.Ж.А. ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынды.