Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салынды

28 сентября 2022, 10:01

Кыргызстандын Улуттук банкы дагы бир мыйзамсыз валюта сатуучуга айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (М. у. М.) Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн айып салынды.

Айып пулдун суммасы 17,5 миң сомду түзгөн.