Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган жети жаранга айып пул салынды

30 сентября 2022, 14:45

Улуттук банк жети мыйзамсыз валюта сатуучуга айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы кыргызстандык (М.З.М., Т.Х.М., М.Ф.М., Х.Д.З., Ш.к. Г., М.М. .А., Ю.О.Э.) айып пул салды. Алар Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операциясын жүргүзүшкөн.

Айып пулдун суммасы 17,5 миң сомду түздү.