Ош дүйнөлүк азык-түлүк күнү жарманке менен белгиленет

16 октября 2021, 09:20

Ошто 16-октябрь, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата жарманке өтөт. Иш-чара Алымбек Датка аянтында уюштуруларын Айыл чарба министрлиги билдирди.

Айыл чарба жарманкесинде жергиликтүү дыйкандардын органикалык продукциялары көрсөтүлөт. Шаардын тургундары жергиликтүү өндүрүштөгү азык-түлүктөрдү сатып алууга жана туура тамактануу боюнча квалификациялуу адистен кеп-кеңеш угууга мүмкүнчүлүк болот. 

Министрлик БУУ кыргыз өкмөтү менен биргеликте дыйкандарды колдоо үчүн гана эмес, айыл чарба өндүрүшүнүн горизонтун кеңейтүү максатында жарманкени уюштуруу үчүн биригишкенин белгиледи.