«Коопсуз шаар-2» долбоорунун алкагында Ошто видеобайкоолордун тирөөчтөрү орнотулду
Оштогу көчөлөрдүн он бир кесилишинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында камераларды Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана видео жаздыруу менен жабдуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорго ылайык, шаардын 35 негизги кесилишине 600дөн ашык аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу пландалууда.
Ошто борбордук серверди түшүрүү үчүн маалыматты алгачкы иштетүү менен алектенген көмөкчү мониторинг борборун ачуу пландалууда. Башкы мониторинг борбору Бишкекте жайгашкан, анда аппараттык-программалык комплекстерден маалыматтар кабыл алынат. Видеолор ай сайын жаңыртылып турат.