Ошто этке туруктуу баа бекитилди

28 июля 2021, 15:00

Ошто эттин баасы 480 сомго чейин төмөндөйт. Мындай чечим 27-июлда Ош шаардык мэриясынын эт баалары боюнча жумушчу кеңешмесинин жүрүшүндө кабыл алынганы маалым болду. 

“Акыркы үч айда эттин баасы кг 460 сомдон 500 сомго чейин жогорулады. Буга байланыштуу шаар тургундары социалдык тармактар ​​аркылуу бааларды жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен мэрияга кайрылышууда”, - деди Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов.

Жолугушуунун жыйынтыгында 30-июлдан тарта эттин килограмына 480 сомго чейин арзандатуу чечими кабыл алынды.