Оштогу аскер бөлүгүндө 2 млн сомдон ашык каражатты кымырып алуу фактысы аныкталды

20 февраля 2023, 10:59

Оштогу аскер бөлүктө 2 миллион 298 миң 708 сомдук мүлктү ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча факт Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан аныкталды.

Натыйжада, Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.