Ошто алты жыл мурун башталган мектептин курулуш бүттү

24 сентября 2021, 12:10

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Каратай айылындагы № 39 мектептин окуу корпусу бүткөрүлдү. Курулуш 2015-жылы башталган.

Объектинин сметалык баасы 39,8 миллион сомду түзгөн. Быйыл иштерди бүтүрүүгө 20,4 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорттук залдан турат жана 275 окуучуга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө объект пайдаланууга берилди, окуу процесстери толук кандуу жүрүүдө.