Ошто көмүрдүн баасын көтөргөн алты субъектиге айып пул салынды

30 ноября 2022, 09:45

Монополияга каршы кызматтын Ош облустук башкармалыгы көмүрдүн баасын жөнгө салуу алкагында алты айып пул салды. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Ош облустук башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Салык кызматы менен бирдикте Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомунун аткарылышын камсыз кылуу боюнча тынымсыз иш-чараларды жүргүзүп келет. 
 
Эске салсак, 3-ноябрда премьер-министр Акылбек Жапаров жылытуу мезгилинде көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча токтомго кол койгон.

“Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен көмүрдүн баасын жөнгө салуу алкагында монополияга каршы мыйзамды бузган алты субъектиге айып пул салуу боюнча токтомдор кабыл алынды”, - деп билдирди Монополияга каршы кызмат.