Ош облусунда 157,8 млн сомго эки мектеп курулду

9 июня 2021, 14:30

Ош облусунда эки билим берүү объектисинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Булар Кара-Суу районунун Маданият айылындагы № 42 мектеп жана Араван районунун Кочубаев айылындагы А.Тургунов атындагы № 23  мектеп-интернаты. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул мектептер 225 окуучу орунга ылайыкташтырылган, анда ар биринде 500 окуучуга чейин билим берилет.

Курулуш иштери өткөн жылдын январь айында башталган, сметалык баасы 157 миллион 834,3 миң сомду түзгөн.