Ноокаттагы мектепти капиталдык оңдоого 20 млн сом бөлүнөт

29 июня 2023, 10:23

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ноокат районундагы айылдардын бириндеги мектептин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтынын маалыматы тастыктайт.

Тендердин жалпы суммасы 20 миллион 63 миң 760 сомду түзөт. Бул каражатка подрядчы курулуш-монтаждоо иштерин, жабдууларды, эмеректерди, инвентарларды оңдоо, ошондой эле жылуулук жана канализацияны оңдоого тийиш.

Мектеп Ош облусунун Ноокат районундагы Чеч-Дөбө айылында жайгашкан.