Ош облусунда Кулдамбес көмүр кени ишке киргизилди

21 ноября 2019, 13:27

Ош облусунда Кулдамбес көмүр кени ишке киргизилди. Бул тууралуу өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдирет. 

Көмүр кени Фергананын түштүк-батыш аймагында жайгашкан. Лицензия № 4459 СЕ ОсОО «Мамат Компания Кулдамбес» тарабынан берилген. 

Борбордук казынанын маалыматына ылайык, 2016-жылдан бери аталган ишкана өлкөнүн бюджетине 400 миң сом киреше алып келген.