Салыкты эми борбордогу жеке калкты тейлөө борборлорунда төлөөгө болот

24 августа 2021, 09:01

Жарандардын ыңгайлуулугу жана аймактык салык башкармалыктарынын, банктардын жана почта түйүндөрүнүн түйшүгүн жеңилдетүү үчүн борбордун тейлөө борборлорунда салыктарды төлөө мүмкүнчүлүгү уюштурулду.

Муну менен төлөмдү борбордун калкты тейлөө борборлорунда төмөнкү даректер боюнча жүргүзсөңүз болот:

  • 12-кичи район, Нуркамал көчөсү, 29;
  • Чокан Валиханов көчөсү, 2;
  • Жаш Гвардия проспекти, 4;
  • Жибек Жолу проспекти, 381.

Транспорт салыгын 2-сентябрга чейин төлөө шарт.

Мындан тышкары, жарандар салык органына барбастан эле салык төлөөнүн ыңгайлуу жолун тандап алса болот: каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, төлөм жана пос терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карттары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу.