«Кумтөр» боюнча Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду

13 января 2023, 10:23

"Кумтөр" боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалыматты “Акчабарга” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгиленгендей, иш кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жабылды.

Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Мурдагы президент акыркы эки жылда көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке бир нече ирет келип кеткен.