Бажы кызматкерлерине жана Транспорт министрлигине чара көрүлдү

17 декабря 2020, 14:30

Жер-жерлердеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жооптуу адамдарга карата тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан Транспорт жана жолдор министрлигинин тутумунда "Ак-Тилек" жана "Чалдовар" транспорттук көзөмөл пункттарынын 22 кызматкери, "Чоң-Капка" жана "Кызыл-Адыр" транспорттук көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери үчүн ротация жүргүзүлдү.

 

Ошондой эле, мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлерине карата чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, товарларды ташып келүүнү көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча жооптуу салык кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө акыркы баскычта турат.