2021-жылдын биринчи кварталында ЕАЭБден Кыргызстанга импорт 9,4% га кыскарган
Ушул жылдын январь-март айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттук түшүүлөрдүн төмөндөшү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,4% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБден импорттун азайышы кара металлдан жасалган буюмдардын импортунун 5,6 эсе кыскаргандыгына байланыштуу.
Ошондой эле, ушул жылдын январь-март айларында ундун импорту 2,3, автоунаалар 1,7, фармацевтикалык продукциялар 1,6 эсеге кыскарган.
Бирок, айрым товарлардын импортунун төмөндөшүнүн фонунда, бодо малдын импортунун 8,2 эсе көбөйүшү байкалган.
Жалпысынан, 2021-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн эң чоң үлүшү Орусия менен Казакстанга туура келери белгилүү болду.