2022-жылдын башында Каржы министрлиги 1,4 млрд сом өлчөмүндө баалуу кагаздарды жайгаштырууну пландоодо
Кыргызстандын Каржы министрлиги 2022-жылдын январь айына карата мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын алдын ала көлөмүн жарыялады.
Жарыяланган маалыматка караганда, министрлик январь айында бюджетке 1 млрд 430 млн сом тартууну пландап жатат. Каражаттын басымдуу бөлүгү 10 жылдык облигациялардан – 580 млн сом, эң азы мамлекеттик казыналык векселдер аркылуу, 50 млн сом эки аукциондо түшүшү керек.
Дагы 300 млн сом жана 450 млн сом 2, 7 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруудан түшүшү керек.