Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 0,7% га кыскарды

13 сентября 2021, 12:13

Ушул жылдын январь-август айларында ички дүң продукт алдын ала эсептөөлөр боюнча 405 млрд сомду түздү жана 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,7%га кыскарды.

Улуттук статистикалык комитеттин кызматкерлери маалымат жыйынында билдиришкендей, Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, бул жылдын биринчи жарымында ИДПнын көлөмү 368 миллиард сомдон ашты жана 3,6%га өстү.