КФБдагы сооданын биринчи күнүндө облигациялар 152 миң сомго сатылып алынды

10 января 2023, 11:07

“Азия Банкы” 106 миң сомго социалдык облигацияларды сатты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Белгилей кетсек, 9-январда “Азия банкынын” гендердик облигациялары менен бир гана бүтүм жасалды.

Ошондой эле, бул күнү “Строй дом. KG” компаниясынын облигациялары менен 46 миң сомго эки бүтүм жасалды.

Эске салсак, “Азия Банкы” ЖАКтын гендердик облигациялары 2022-жылдын ноябрь айында листинг процедурасынан өткөн. Бул Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча долбоорлорду каржылоого багытталган социалдык облигациялардын биринчи чыгарылышы.